1. Угуп түшүнүү
Дүйнөнүн кереметтүү жерлери
а) Бул кызыктуу маалымат экен

2002-жылы New Open World Сorpоration коммерциялык эмес уюму тарабынан долбоор ишке киргизилген. Бул долбоордун максаты азыркы мезгилдеги дүйнөнүн жети кереметин аныктап чыгуу болгон. Долбоор боюнча архитектура жана табигый кереметтерди өз-өзүнчө аныктамак болот. Ошентип, 2007-жылы 7-июлда дүйнөгө атагы чыккан алты курулуш жана Христостун статуясы дүйнөнүн кереметтүү жерлери деп таанылды.
б) Сөздөрдү өздөштүрүп алгыла

уюм | – организация |
![]() |
долбоор | – проект |
![]() |
кереметтер | – чудо |
![]() |
аныктоо | – определять |
![]() |
даңк | – слава, здесь: прославленный |
![]() |
в) Азыркы мезгилде таанылган Дүйнөнүн жети кереметин билип алалы

1. Улуу Кытай дубалы
2. Христостун статуясы
3. Колизей
4. Тадж-Махал
5. Чичен-Ица
6. Мачу-Пикчу
7. Петра
Кереметтүү жерлер жайгашкан өлкөлөрдү эсиңерге туткула

1.Улуу Кытай дубалы – Кытайда
2. Христостун статуясы – Рои-де-Жанейродо
3. Кализей – Италияда
4. Тадж-Махал – Индияда
5. Мачу-Пикчу – Перуда
6. Петра – Иорданияда