3. Лексика–грамматикалык материалды өздөштүрүү
Бышыктооч (Обстоятельство)
Бышыктооч сүйлөмдүн баяндоочу менен байланышып, кыймыл- аракеттин түрдүү белгисин билдирет. Бышыктооч качан? кайда? кандай? кантип? эмне үчүн? деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Мисалы: Сүйлөй-сүйлөй чечен болот, көрө-көрө көсөм болот. |
Мезгил бышыктооч (Обстоятельство времени)
Мезгил бышыктооч кыймыл-аракеттин мезгилин көрсөтүп качан? качанга чейин? кайсы убакта? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Эгемендүүлүк күнү жыл сайын белгиленет. |
А) Сүйлөмдөрдөн мезгил бышыктоочтордун эквивалентин туура аныктагыла
1.Аюулар (до весны) бооруна кысып, эмизип жата берет.
2.Иттин күчүктөрү сыяктуу эле (до двух недель) көзү ачылбайт, кулактары укпайт.
3.Балдарын (ближе к весне) ийининде тууп, күн жылыганда сыртка ээрчитип чыгат.
4.Аюу, суур (зимой) чээнге кирүүчү жаныбарлар болуп эсептелет.
Керектүү сөздөр: кышында, эки жумага чейин, жазга жакын, жазга чейин.
Оюн
а) Кыргызстандагы жаныбарларды тапкыла
1 | ||||||||||||||
2 | ||||||||||||||
3 | ||||||||||||||
4 | ||||||||||||||
5 | ||||||||||||||
6 | ||||||||||||||
7 |

Туура жооп саны: = | 0 |
Ката саны: = | 0 |
а | у | ы | к | с | а | а | р | л | и |
ж | р | м | а | а | у | к | ч | к | л |
а | р | р | й | а | л | к | и | ю | у |
м | б | а | ч | а |
1) аркар
2) кулжа
3) уй
4) мамалак
5) аюу
6) чаарчык
7) илбирс