3. Окуп түшүнүү
Кыргыз Республикасынын Герби

а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби
Кыргыз Республикасынын Герби – 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Ал – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмблемасы. Гербдин авторлору: сүрѳтчү – А.Абдраев менен милициянын генералы С.Дубанаев.
Гербде ак мѳңгүлүү Ала-Тообуз, кѳлүбүз, нурун чачыраткан күн турат. Гербдин үстү жагында «Кыргыз», тѳмѳн жагында «Республикасы» деп жазылган. Элибиздин дыйканчылыгын айгинелеген пахтасы, буудайы, ортосунда эркиндиктин символу болгон канатын жайган Ак шумкар тартылган.
Гербдин негизги идеясы – Кыргызстанда жашаган элдердин биримдигин чыңдоо.
б) Сөздөрдү эки тилде билип алгыла
| ак мѳңгүлүү тообуз | – наши белоснежные горы с ледниками |
|
| нурун чачып | – разливая лучи |
|
| дыйканчылык | – земледельчество |
|
| пахта | – хлопок |
|
| буудай | – пшеница |
|
| Акшумкар | – белый сокол |
|
| канаты | – здесь: его крылья |
|
| чыңдоо – укрепление | – укрепление |
|
в) Берилген сөз айкаштарынын котормосун туура тапкыла
белоснежные горы


белый сокол


разливая лучи

