2. УГУП ТҮШҮНҮҮ
а) Ырды көркөм окугула
Ойногун спорт оюнун
Ойногун спорт оюнун,
Көбөйтөм десең өмүрдү.
Шамдагай,сергек,чың болуп,
Өстүрөм десең көңүлдү.
Ойногун спорт оюнун,
Жек көрсөң ажал, өлүмдү.
Ойногун спорт оюнун,
Күч кошом десең күчүңө
Булчуңу таштай чыңалып,
Бырыштар түшпөйт жүзүңө.
Ойногун спорт оюнун,
Чыгасың жаштын жүзүнө.
б) Ырды толуктагыла
Ойногун оюнун,
Көбөйтөм десең .
,сергек,чың болуп,
Өстүрөм десең .
спорт оюнун,
Жек көрсөң , өлүмдү.
Ойногун спорт оюнун,
кошом десең күчүңө
таштай чыңалып,
Бырыштар түшпөйт .
Ойногун спорт оюнун,
Чыгасың жүзүнө.
Колдонулуучу сөздөр: көңүлдү, Күч, спорт, өмүрдү, жүзүңө, ажал, жаштын, Шамдагай, Ойногун, Булчуңу


в) Сөздөрдүн туура котормосун тапкыла
ойногун
– морщины
шамдагай
– бодрый (бдительный)
сергек
– если ненавидишь
жек көрсөң
– шустрый
бырыш
– играй
булчуң
мыщцы

| ойногун | – морщины |
| шамдагай | – бодрый (бдительный) |
| сергек | – если ненавидишь |
| жек көрсөң | – шустрый |
| бырыш | – играй |
| булчуң | мыщцы |

