2. Лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү
Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү
Главные члены предложения
|
Ээ сүйлөмдүн баш мүчөсү, ал мааниси жана грамматикалык жактан баяндооч менен байланышып турат. Ээ ким? кимдер? эмне? эмнелер? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Кыргызстан – таза суунун мекени. Баяндооч ээнин кыймыл-аракетин, абалын билдирүүчү сүйлөмдүн баш мүчөсү. Баяндооч эмне кылды? эмне кылып жатат? эмне кылат? кантти? эмне? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Кыргызстан – тоолуу өлкө. |
а) Сүйлөмдүн ээсин тапкыла
1. Кыргызстандын флорасы өсүмдүктөрдүн 4 миңдей түрүн камтыйт.


2. Кыргызстан – тоолуу республика.


3. Түздүктөр менен тоо этектеринде, суу жээктеринде чычырканактуу, талдуу, ит мурундуу жана башка токойлор басымдуулук кылат.


б) Сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна баяндооч сөздү койгула
1. Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү . . . .


2. Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн түрү


3. Биздин өлкөдөгү гүлдөрдүн эң жыттуусу

