4. УГУП ТҮШҮНҮҮ
а) Диалогду уккула, ролдоштуруп сүйлөшкүлө
| - Каникулду кандай өткөрдүң? |
|
| - Абдан жакшы. |
|
| -Сенчи? |
|
| -Мен дагы. Каникулда Алматыга бардым. Абдан көңүлдүү болду. |
|
| - Алматы кандай шаар экен? |
|
| - Оо, абдан кооз, чоң шаар экен. Бирок, Бишкек – менин туулуп-өскөн шаарым, мен аны башка шаарга алмаштырбайм. |
|
| - Чын эле, Бишкек чакан, бирок жашыл шаар! Мага да жагат. |
|
б)Диалогдогу бош жерлерди толуктагыла
- кандай өткөрдүң?
- Абдан.
-Сенчи?
- Мен . Каникулда бардым. көңүлдүү болду.
- Алматы кандай шаар экен?
- Оо, абдан кооз, экен. Бирок, Бишкек – менин шаарым, мен аны башка шаарга .
- Чын эле, Бишкек , бирок жашыл шаар! Мага да жагат.
Колдонулуучу сөздөр: Алматыга, чоң шаар, Абдан, чакан, алмаштырбайм, туулуп-өскөн, жакшы, дагы, Каникулду

