КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!
Учур чак
Кыймыл – аракеттин учурда болуп жаткандыгын билдирет. Эмне кылып жатат? Эмне болуп жатат? деген суроолорго жооп берет.
| Ким? Эмне? |
Эмне кылып жатат? |
| манасчы | айтып жатат |
| комузчу | чертип жатат |
| акын | жазып жатат |
| койчу | кайтарып жүрөт |
| уйчу | айдап келе жатат |
| жылкычы | сугарып жатат |
| топозчу | санап жатат |
| багбан | жыйнап жатат |
| сугатчы | сугарып жатат |
| балчы | чогултуп жатат |
| Ким? Эмне? |
Эмне болуп жатат?
|
| мектепте | чогулуш болуп жатат |
| көчөдө | майрам болуп жатат |
| театрда | спектакль болуп жатат |
| сахнада | оюн болуп жатат |
| кинодо | кызыктуу окуя болуп жатат |
| талаада | шамал болуп жатат |
Өзүӊдү текшер!
Таблицага сөздөрдү туура жайгаштыр.