КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!
Уңгу жана сөз жасоочу мүчөлөр.
Сөздүн маани берүүчү негизги бөлүгү уӊгу деп аталат. Мисалы: күн, ай, жыл ж.б.
Уӊгуга уланып жаӊы маанини билдирген сөздү пайда кылган мүчөлөр сөз жасоочу мүчөлөр деп аталат.
| Уӊгу | Сөз жасоочу мүчөлөр | Жаӊы сөз |
| жылкы кой |
-чы -чу -чү -чи |
жылкычы |
| бой акыл күч |
-луу -лүү -дуу -дүү -туу -түү |
бойлуу өнөрлүү |
| бала | -лык -тык |
балалык |
| кыргыз | -стан | Кыргызстан |
| соода | -гер | соодагер |
| өнөр | -поз | өнөрпоз |
Өзүӊдү текшер!
Сөздөргө мүчө улап жаӊы сөздү таблицага туура жайгаштыр.
(акыл, кой, өтүк, бий, илим, тартип, жыт, жаш)