КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!
Кайда? Каерде? Каякта?
Кайсы жерде?
Заттын, нерсенин ордун билүү үчүн кайда? каерде? каякта? кайсы жерде? деген суроолор берилет.
Мисалы:
Алма бакчада өсөт.
Күрүч сууда өсөт.
Буудай талаада өсөт.
Өзүӊдү текшер!
| Зат | Орду |
| Бака жалбырак кайда өсөт? | |
| Дан куурай каерде өсөт? | |
| Арча каякта өсөт? | |
| Балыр кайсы жерде өсөт? | |
| Карагай кайда өсөт? |
(талаада, токойдо, бакчада, сууда, тоодо)