КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!
Ким эмне кылып жатат?
| бычмачы | тон бычып жатат |
| тигүүчү | көйнөк тигип жатат |
| саймачы | кийимге сайма сайып жатат |
| оймочу | кийизге оймо түшүрүп жатат |
| шырдакчы | шырдакты шырып жатат |
| ийикчи | жип ийрип жатат |
| өрмөкчү | чий согуп жатат |
| куракчы | курак курап жатат |
| түймөчү | байпак түйүп жатат |
| жыгач уста | ээр чаап жатат |
| темир уста | атка така жасап жатат |
| зергер уста | билерик жасап жатат |
Өзүӊдү текшер!
1. Уздар эмне кылып жатышат?
2. Усталар эмне кылып жатышат?