а) "Оп, майда" ырын жаттагыла
Майда, майда, мапмайда,
Майдалансын, атты айда.
Кызыл толгон кырманды,
Сузалы биз кап кайда?
Бекер жүрсөң жан багып,
Таба албайсың эч пайда.
Майда, майда оп майда,
Орой-орой оп майда.
Ороо толсун оп майда.
Кырча-кырча басканың,
Кырман толсун оп майда.
б) Ырды обону менен толуктагыла
Майда, майда, мапмайда,
Кызыл толгон кырманды,
Бекер жүрсөң жан багып,
Майда, майда оп майда,
Ороо толсун оп майда.
Кырман толсун оп майда.
Колдонулуучу сөздөр: Сузалы биз кап кайда?, Кырча-кырча басканың,, Орой-орой оп майда., Майдалансын, атты айда., Таба албайсың эч пайда.
в) «Котормочу» оюну. Ким биринчи которот?
• благословение –
• благословение посева –
• благословение урожая –
• благословение при сборе урожая –
• пусть будет изобилие – .
• пусть будет достаток –
Колдонулуучу сөздөр: үрөн сепкендеги бата, кырманга буудай толсун, эгин оргондогу бата, эгин бышкандагы бата, токчулук болсун, бата