2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ
а) Ырды ролдоштуруп, көркөм окугула
Буудай:

Мен Буудаймын, мен нанмын
Мен жашоомун, мен канмын.
Барктап келген бабаң да,
Кубат болом адамга.
Дыйкандыкты сүйгүлө!
Кызыл кылып үйгүлө!
Буудай нандан тоё жеп,
Жыргап ырдап жүргүлө!
Арпа:
Мен Арпамын, Арпамын,
Алы болом канчанын.
Малды – жанды багамын,
Көркү болом кампанын
Мен боломун ырыскы,
Мени жакшы баккыла!
Кыргыздын кыз-жигити,
Менден бакыт тапкыла!
б) Макалды эсиңерге туткула

Арпа, буудай – аш болот,
Алтын, күмүш – таш болот.
Дан болбосо, нан болбойт,
Нан болбосо, жан болбойт.
в) Макалды толуктагыла.
Арпа, буудай –
таш болот.
Алтын, күмүш –
жан болбойт
Нан болбосо,
нан болбойт
Эгин айдоо
аш болот
Дан болбосо
байлык жыйноо

| Арпа, буудай – | таш болот. |
| Алтын, күмүш – | жан болбойт |
| Нан болбосо, | нан болбойт |
| Эгин айдоо | аш болот |
| Дан болбосо | байлык жыйноо |

