Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, компьютердик технологияны пайдалана билгиле

   

Дүйнѳдѳгү эң ири социалдык тармактын кызматы 

     Facebook – дүйнө жүзүнө   кеңири таралган ири тармак болуп эсептелет. Ал 2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан негизделген. Ушул сайт аркылуу Марк Цукерберг 23 жашында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон. Эң алгач бул сайт «Фейсбук» («The Facebook») деп аталган.

    Сайт 2006-жылдын сентябрь айынан баштап интернет колдонуучуларына жете баштаган. Сайтты 13 жаштан өйдө өспүрүмдөр электрондук почталары аркылуу колдоно баштаган.

     2011-жылы сайтка күн сайын кирген колдонуучулардын саны 750 млн. адамга жеткен. Ал эми сайттын барагындагы маалыматтарга кызыгуучулар   1 миллиард болгон.

 Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча  сайтты колдонгондордун саны бир миллиард адамдан ашты. Бул тармак өзүнүн аткаруучу кызматтарынын ар тараптуулугу менен башка тармактардан айырмаланып турат.

 

 


б) Билип алгыла

1. «Facebook» сайтынын түрү:      социалдык тармак

2. Сайтка катышуусу:                      акысыз

3. Сайтты жеткирүү тилдери:         кѳп тилдерде

4. Сайттын ээси:                              Марк Цукерберг

5. Сайттын ачылган күнү:               2004-жылдын  14-февралы



в) Сөз тизмектери менен конструкция боюнча сүйлөм түзгүлө

1.
” – .

Колдонулуучу сөздөр: дүйнөдөгү, эң ири, социалдык, тармак, Фейсбук




2.

Колдонулуучу сөздөр: негизделген, Марк Цукерберг, тарабынан, 2004-жылы , Ал




3.

.

Колдонулуучу сөздөр: 23 жашында, планетабыздын, болгон, эң жаш, миллиардери, М.Цукерберг




4.

.

Колдонулуучу сөздөр: Азыр, сайтты, адамдан, саны, ашты, бир миллиард, колдонуучулардын




5.

.

Колдонулуучу сөздөр: бул, сайт, Менин, күндө, иштейт, менен, агам




г) Текст боюнча суроого жооп бергиле1

Дүйнѳдѳгү эң ири социалдык тармак кайсы?

КатаТуураа) желе конушу
КатаТуураб) Гугл
КатаТуурав) Фейсбук



2. Ал кайсы жылы, ким тарабынан негизделген?

КатаТуураа) 2004-жылы Э.Саверин
КатаТуураб) 2004-жылы М.Цукерберг
КатаТуурав) 2004-жылы Д.Московиц



3. Сайт интернет колдонуучуларына канча жаштан ѳйдѳ жете баштаган?

КатаТуураа) 13 жаштан
КатаТуураб) 14 жаштан
КатаТуурав) 15 жаштан



4. 2011-жылы бул сайтты колдонуучулардын саны канчага жеткен?

КатаТуураа) 600млн. адамга
КатаТуураб) 700млн. адамга
КатаТуурав) 750млн. адамга



5. Сайттык маалыматтарга кызыгуучулар канча болгон?

КатаТуураа) 1 миллиард адам
КатаТуураб) 2 миллиард адам
КатаТуурав) 3 миллиард адам



6. Бул тармак башка тармактардан эмнеси менен айырмаланат?

КатаТуураа) аткаруучу кызматтарынын кѳп тараптуулугу
КатаТуураб) аткаруучу кызматтарынын ар тараптуулугу
КатаТуурав) аткаруучу кызматтарынын сапаттуулугу