1. МЕНИН ТУУЛУП – ӨСКӨН ЖЕРИМ
1. Угуп түшүнүү
а) «Ала-Тоо балдары» ырын уккула, ырдап жүргүлө
Ала-Тоонун ары жагында
Кыздар ойноп жатышат.
Шакектерин жоготушуп,
Бизден кѳрүп жатышат.
Ай, ай, ай, ай,
Жаман экен кыздар ай!
Ала-Тоонун ары жагында,
Балдар ойноп жатышат.
Калпактарын жоготушуп,
Бизден кѳрүп жатышат
Ай, ай, ай, ай,
Жаман экен балдар ай!
Ала-Тоонун ары жагында,
Балдар ойноп жатышат.
Калпактарын таап берсек,
Бизге рахмат айтышат.
Ай, ай, ай, ай,
Жакшы экен кыздар ай!
Ала-Тоонун ары жагында,
Кыздар ойноп жатышат.
Шакектерин таап берсек,
Бизге рахмат айтышат.
Ай, ай, ай, ай,
Жакшы экен балдар ай!
б)Тил жатыктыруу
жазылышы |
айтылышы |
ары жагында таап алышып ырахмат |
аржагында таавалышып рахмат |
в) Ырды угуп, суроого туура жооп бергиле.
Балдар эмне кылып жатышат?


Кыздар эмнени жоготушту?


г) Ырды угуп, ыр саптарын толуктагыла
Ала-Тоонун
Балдар
Калпактарын таап берсек
Бизге
Ала-Тоонун
Кыздар
Шакектерин
Бизге
Колдонулуучу сөздөр: ойноп жатышат, ары жагында , ары жагында , таап берсек, рахмат айтышат, ойноп жатышат , рахмат айтышат


д) Ырды угуп, бош орундарды толуктагыла
Ала-Тоонун ,
ойноп жатышат.
Камчыларын ,
кѳрүп жатышат.
Ай, ай, ай, ай,
Жаман экен !
ары жагында,
Балдар .
таап алышып,
Бизге айтышат.
Ай, ай, ай, ай,
Жакшы экен !
Колдонулуучу сөздөр: рахмат , Камчыларын , жоготушуп, Бизден , Балдар , ары жагында , балдар ай , балдар ай , ойноп жатышат , Ала-Тоонун

